Ипотека кредити

Кыялыңыздагы үйдү пайдалуу шарттарда сатып алыңыз!

Өнүм жөнүндө

Баштапкы төгүмүңүзгө жараша жылдык 20%дан башталган пайдалуу чендер. Насыялоо мөөнөтү 10 жылга чейин (120 ай), ал эми максималдуу суммасы — 7 000 000 сомго чейин.

Батир же үй сатып алууну пландап жатасызбы? Биздин ипотекалык өнүмүбүз пландарыңызды ишке ашырууга жардам берет.

Насыя кандай максаттарга берилет?

Биринчилик жана/же экинчилик рынокто турак жайды (батир, турак үй) сатып алуу.

Ипотека кимдерге жеткиликтүү?

  • Жеке жактарга: маалымкат же башка документтер менен тастыкталган 6-12 ай ичиндеги туруктуу кирешеси барларга.
  • Жеке ишкерлерге (ЖК): кеминде 6 ай иштеген туруктуу бизнеси барларга (патент, лицензия ж.б.).
  • Талаптар: 20 жаштан 65 жашка чейинки, оң насыялык таржымалы бар КР резиденттерине.

Насыянын шарттары

Суммасы 500 000 — 7 000 000 сом
Мөөнөтү 12 айдан 120 айга чейин
Чени жылдык 20%дан 22%га чейин
Өздүк төгүм 20%дан баштап

Камсыздоо жана күрөө

Ипотека алуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  • Күрөө катары сатылып алынып жаткан кыймылсыз мүлк коюлат.
  • 1 кепилдиктин (поручитель) болушу талап кылынат.
  • Өздүк төгүм жок болгон учурда, кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча күрөө коюу талап кылынат.

Ипотекалык калькулятор

Ай сайын төлөнүүчү сумманы эсептеңиз. Сиздин пайыздык чениңиз баштапкы төгүмдүн өлчөмүнө жараша болот.

Параметрлер

20-30% → жылдык 22% 31-49% → жылдык 21% ≥50% → жылдык 20%

Жыйынтык

Ай сайынкы төлөм
Пайыздык чен
Негизги карыз
Пайыздар боюнча ашыкча төлөм
Төлөнүүчү жалпы сумма

Эсептөө алдын ала жүргүзүлгөн жана жалпыга маалымдоо офертасы болуп саналбайт.

Made on
Tilda