«БТ Инновэйшнс» Коомдук Фонду Микрокредиттик агенттиги Каржы Фондунун миссиясы — ишкердик ишти төмөнкүлөр аркылуу колдоо менен Кыргыз Республикасында экономикалык жана социалдык өнүгүүгө, ошондой эле жумуштуулуктун деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат:
- кредиттерди берүү (инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга; иштеп жаткан бизнести өнүктүрүүгө; «start-up» долбоорлорун ишке ашырууга; жабдууларды жана өндүрүштүк технологияларды сатып алууга);
- компаниялардын капиталына катышуу;
- консультациялар – бизнес-түзүмдөргө алардын ишканаларын өнүктүрүүдө жардам көрсөтүү;
- социалдык долбоорлорду ишке ашырууга катышуу.