Гульнара Арымкулова
Башкармалыктын төрайымы
Арымкулова Гульнара Нурбековна 2025-жылдын май айынан бери «БТ Инновэйшнс» КФ МКА Каржы Фондунун Башкармалыгынын төрайымы болуп саналат. Буга чейин ал 2012-жылдан 2025-жылдын май айына чейин «БТ Инновэйшнс» КФ МКА Каржы Фондунун Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон, ошол эле учурда 2019-жылдан тарта Байкоочу кеңештин төрайымы кызматын аркалаган. Арымкулова Гульнара Нурбековнанын экономикалык жана каржылык чөйрөлөрдө долбоорлорду башкаруу боюнча 30 жылдык тажрыйбасы бар. Бул мезгил аралыгында Гульнара Нурбековна Дүйнөлүк банк (ДБ), Эл аралык каржы корпорациясы (ЭКК), USAID, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) сыяктуу эл аралык каржы институттары тарабынан ийгиликтүү каржыланган көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга жана башкарууга катышкан. Каржы секторундагы ишмердүүлүгү 1998-жылы Европа Биримдигинин КӨФКга техникалык жардамынын алкагында Кыргыз айыл чарба каржы корпорациясын (учурда «Айыл Банк» ААК) түзүүгө жана калыптандырууга көмөктөшүүдөн башталган. Арымкулова Гульнара Нурбековна ошондой эле жергиликтүү микрокредиттик компанияны жана активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча компанияны түзүүгө жана өнүктүрүүгө катышып, аталган компаниялардын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 12 жыл бою Гульнара Арымкулова «ФНТ Консалтэнтс» консалтингдик компаниясын жетектеп, ар кандай экономикалык багыттагы долбоорлордун кеңири чөйрөсүн ишке ашырган, бул анын консалтинг, персоналды башкаруу жана каржы-чарбалык ишмердүүлүктү жүргүзүү боюнча терең тажрыйбасын тастыктайт. Гульнара Нурбековна катышкан долбоорлор кыйла олуттуу географиялык камтууга ээ жана Кыргыз Республикасын гана эмес, ошондой эле Тажикстан менен Казакстанды да камтыйт, ал жерде бизнес-пландоо жана башкаруу боюнча эл аралык консультант катары иштеген. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Бишкек эл аралык менеджмент жана бизнес мектебинин MBA даражасына ээ. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономист адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган. Германия, Швеция жана Бельгиядагы эл аралык консалтингдик компанияларда такшалмадан өткөн. Гульнара Нурбековна Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасынын чыныгы мүчөсү болуп саналат.