ЧОБ үчүн инвестициялык кредит

Чакан жана орто бизнеске инвестициялык кредит — бизнести акылдуулук менен өнүктүр!

Инвестициялык кредит — бул бизнесиңизди узак мөөнөткө өнүктүрүүгө жана масштабын кеңейтүүгө багытталган каржылоо.

Кандай максаттарга берилет?

Коммерциялык максаттарга, анын ичинде жабдууларды жана транспортту сатып алууга, коммерциялык кыймылсыз мүлктү сатып алууга (ишкердик ишмердүүлүктө колдонуу үчүн), имараттарды курууга жана (же) оңдоого, ошондой эле бизнести жүргүзүүгө байланыштуу башка максаттарга.

Өтүнмө ээсине коюлуучу талаптар

  • Курагы жана статусу: 19 жаштан 65 жашка чейинки КР резиденти.
  • Документтер: Бизнес жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтердин болушу (патент / күбөлүк / лицензия).
  • Каржы: Туруктуу финансылык абал жана төлөө жөндөмдүүлүгү.
  • Тарыхы: Оң же канааттандырарлык кредиттик тарых.

Кредиттөөнүн негизги шарттары

Суммасы 300 000дөн 15 000 000 сомго чейин
Мөөнөтү 6 айдан 84 айга чейин
Валютасы Кыргыз сому
Жеңилдетилген мезгил 6 айга чейин (негизги сумма боюнча)

Кредит боюнча камсыздоо (Күрөө)

Күрөөгө коюлуучу негизги талап – жогорку өтүмдүүлүк. Шарттар кредиттин суммасынан көз каранды:

  • 300 000дөн 500 000 сомго чейин: 1 кепилдик берүүчү.
  • 500 001ден 2 000 000 сомго чейин: Кыймылдуу же кыймылсыз мүлк, кыймылсыз мүлк жана 1 кепилдик берүүчү.
  • 2 000 001ден 5 000 000 сомго чейин: Кыймылсыз мүлк жана 1 кепилдик берүүчү.
  • 5 000 000 сомдон жогору: Кыймылсыз мүлк жана 1-2 кепилдик берүүчү (Кредиттик комитеттин чечими боюнча).

Кассалык тейлөө үчүн комиссия: Алынбайт.


Кредиттик калькулятор

Стандарттык чендерди эске алуу менен бизнесиңиз үчүн ай сайынкы төлөмдү эсептеп көрүңүз.

Параметрлер

Жыйынтык

Ай сайынкы төлөм (аннуитет)
Негизги карыз
Ашыкча төлөм
Баардыгы

Эсептөө алдын ала болуп саналат жана ачык оферта болуп эсептелбейт.

Made on
Tilda