Эки өкмөттүк эмес уюм: америкалык ACDI/VOCA жана швейцариялык CARITAS уюму тарабынан «Бай Түшүм» Каржы Фонду (мындан ары - Фонд) түзүлгөн. 2000-жылдын октябрында Фонд Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөн;
Фонд туунду түзүмүн – «Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр» микрокредиттик компаниясы» ЖЧКсын негиздеген, ал кийинчерээк «Бай-Түшүм» Банкы болуп кайра түзүлгөн;
Фонд уюштуруучу ACDI/VOСA менен биргеликте АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) каржылык көмөгү менен «Чакан жана орто бизнестеги аялдардын лидерлиги» (ЧОБАЛ) долбоорун ишке ашырган;
Фонд лизингди өнүктүрүү максатында «БТ Капитал» ЖЧК туунду компаниясын негиздеген. 2025-жылы «БТ Капитал» ЖЧКсы аталышын «БТ Лизинг» ЖЧКсына өзгөртүп, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан лицензия алган;
Фонд, ОФ МКА «Агрокредит Плюс» жана «Нөлдүк Чыгаруулар» ЖЧКсы менен өнөктөштүктө, Кыргыз Республикасында жылуулук насосторунун технологияларын киргизүү жана масштабын кеңейтүү боюнча биргелешкен долбоор болгон «Таза Тандоо» ЖЧКсын негиздеди.