Жаңылыктар

«БТ Лизинг» ЖЧКсы Пекин шаарына (КЭР) болгон иш сапарына катышты

2026-жылдын апрель айында «БТ Лизинг» ЖЧКсынын кызматкерлери Пекин шаарына (КЭР) иш сапары менен барып, дүйнөлүк автоунаа индустриясынын эң ири окуяларынын бири жана алдыңкы автосалондордун катарына кирген «Auto China 2026» эл аралык көргөзмөсүнө катышышты. Көргөзмө дүйнө жүзүндөгү автоунаалардын, электромобилдердин жана технологиялык чечимдердин ири өндүрүүчүлөрүнүн башын бириктирди.

Иш сапардын алкагында, «БТ Инновэйшнс тобунун» стратегиясына ылайык, «жашыл» электр транспортунун лизинги багытын өнүктүрүү курсу тастыкталды. Өндүрүүчүлөр жана өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, техниканы жеткирүү, сервистик коштоо жана заряддоочу түзүлүштөрдүн инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча алдын ала макулдашууларга жетишилди.

Жеткирилген техниканын сапат кепилдиги, техникалык көзөмөл жана сервистик тейлөө стандарттары боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
2026-05-13 20:01