Жаңылыктар

Алматы шаарында ESG-практикаларын жана туруктуу өнүгүүнү изилдөө боюнча таанышуу сапарына катышуу

BT Innovations микрокредиттик агенттигинин Башкармалыгынын төрайымы Гүлнара Нурбековна, ошондой эле Кыргызстандын Көз карандысыз директорлор палатасынын (ККДП) мүчөсү катары жана өнүктүрүү боюнча менеджер Нурзат Асылбековна, Алматы шаарына болгон таанышуу сапарына катышты. Бул иш-сапар ККДП тарабынан корпоративдик башкаруу жана экологиялык, социалдык жана башкаруу стандарттарын (ESG) киргизүү жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүү максатында уюштурулган.

Программанын алкагында делегация Борбордук Азия экологиялык изилдөөлөр институтуна (CAIER), ошондой эле Шокан Уалиханов атындагы мектепке барды. Иш сапардын негизги максаты — туруктуу өнүгүү принциптерин, ESG-ыкмаларын, илимий изилдөөлөрдү, билим берүү демилгелерин жана негизги санариптик чечимдерди бириктирген долбоорлорду ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөө болду.

Сапардын катышуучулары CAIERдин инновациялык инфраструктурасы, энергияны үнөмдөөчү чечимдери жана циркулярдык экономика тармагындагы иштеп чыгуулары менен таанышышты. Делегациянын иш-сапарынын жыйынтыгында ККДП менен CAIER ортосунда билим берүү жана эксперттик долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга багытталган кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Мындай демилгелер эң мыкты аймактык тажрыйбаларды биздин агенттиктин ишине интеграциялоого мүмкүндүк берип, ESG-принциптерин BT Innovations корпоративдик башкаруу системасынын милдеттүү жана натыйжалуу бөлүгүнө айландырат.
Made on
Tilda