Жаңылыктар

«БТ Инновэйшнс» «ESG-Start» баштапкы семинарын өткөрдү.

ESG-трансформация: «БТ Инновэйшнс» «ESG-Start» баштапкы семинарын өткөрдү

20-21-ноябрь, 2025-жыл

«БТ Инновэйшнс» МКА КФ Финансылык Фонду туруктуу өнүгүү жаатындагы системалуу иштерди баштоого жана компанияда ESG-башкаруунун негиздерин калыптандырууга багытталган эки күндүк «ESG-Start» установочный (баштапкы) семинарын ийгиликтүү өткөрдү.

Семинардын негизги темалары:

  • Туруктуу өнүгүүнүн эл аралык жана улуттук стандарттары: GRI, IFRS S1/S2, SDGs, TCFD, OECD принциптери;
  • Финансы сектору үчүн ESG ыкмаларынын мааниси: ESG-трансформациясында жетекчиликтин жана Директорлор кеңешинин ролу — стратегиялык көз караш, көзөмөл жана жоопкерчилик;
  • Учурдагы тажрыйбаларды талдоо: Фонддун учурдагы экологиялык, социалдык жана башкаруучулук практикаларын анализдөө;
  • Маанилүү темаларды аныктоо: Алдын ала маанилүү (существенные) ESG-темаларды жана кызыкдар тараптарды аныктоо;
  • Стратегияны түзүү: ESG-башкаруунун баштапкы түзүмүн жана келечектеги ESG-трансформациянын Жол картасынын негизги элементтерин калыптандыруу.

Семинардын жыйынтыгы жана негизги натыйжалары: «ESG-Start» семинары кызматкерлер менен жетекчиликтин арасында ESG-башкаруунун принциптери, максаттары жана механизмдери жөнүндө бирдиктүү түшүнүктү калыптандырууга багытталган. Иш-чарага «БТ Инновэйшнс» МКА КФ Финансылык Фондунун бардык кызматкерлери, ошондой эле туунду компания — «БТ Лизинг» ЖЧКсынын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар туруктуу өнүгүүнүн эл аралык жана улуттук стандарттары менен таанышып, ESG ыкмаларын киргизүүнүн артыкчылыктарын үйрөнүштү жана туруктуу өнүгүү системасын өз уюмунун өзгөчөлүгүнө кантип ыңгайлаштыруу керектиги боюнча түшүнүк алышты. Семинардын жүрүшүндө компаниянын Туруктуу өнүгүү (УР) жана ESG жаатындагы учурдагы демилгелерине талдоо жүргүзүлүп, трансформациянын приоритеттүү багыттары аныкталды жана Жол картасын андан ары иштеп чыгуу үчүн негиз түзүлдү.

Семинардын жыйынтыгы боюнча:

  • Катышуучулардын арасында ESG максаттары жана принциптери боюнча жалпы түшүнүк калыптанды;
  • Алдын ала маанилүү ESG-темалар жана негизги кызыкдар тараптар аныкталды;
  • ESG-башкаруу түзүмү жана өнүктүрүү багыттары боюнча сунуштар даярдалды.

Семинардын тренери: Семинарды Арстанбекова Асель Асылбековна өткөрдү. Ал — туруктуу өнүгүү (SDG | ESG) жаатындагы сертификацияланган кесипкөй адис, GRI (The Global Reporting Standards) аккредитацияланган тренери, Эл аралык ишкерлер кеңешинин (Кыргызстан) ESG-комитетинин төрайымы, LRA group / London Reporting Academy директору, ошондой эле PBCC (Казакстан) жана ESG Central Asia долбоорлорунун жетекчиси.

Асель корпоративдик башкаруу жана туруктуу өнүгүү, отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын (GRI, IFRS S1/S2, ESRS, SASB, TCFD) киргизүү жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү компаниялардын ESG-трансформациясын ишке ашыруу боюнча көп жылдык тажрыйбага ээ.

«ESG-Start» семинары «БТ Инновэйшнс» МКА КФ Финансылык Фонду үчүн маанилүү этап болуп калды жана туруктуу жана жоопкерчиликтүү башкаруу чөйрөсүндө андан ары өнүгүү үчүн маанилүү багыт жана практикалык курал катары кызмат кылат.
Made on
Tilda