Жаңылыктар

Бишкекте айыл чарбасында экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана гендердик теңчиликти чыңдоо боюнча ЕӨРБ долбоору башталды

25-мартта Бишкекте «Кыргызстандын айыл чарбасында жана суу ресурстарын башкарууда экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана гендердик теңчиликти чыңдоо» аттуу ЕӨРБ (Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы) долбооруна расмий старт берген баштапкы кеңешме өттү. «BT Innovations» МКАсы бул демилгени ишке ашыруу боюнча консорциумдун өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат (GWCC - INTERIVAL жана TES-Centre менен биргеликте). Долбоор негизинен Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын тандалып алынган райондорунда ишке ашырылат, ал жерлерде учурда ЕӨРБ сугат инфраструктурасын реабилитациялоодо Кыргызстанга көмөк көрсөтүүдө. Долбоордун негизги мамлекеттик өнөктөшү — КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы (СРК).

Долбоор жөнүндө: Сугат инфраструктурасын жакшыртуу агросектор үчүн жаңы перспективаларды ачат. Биздин жалпы максатыбыз — долбоордук аймактардагы фермерлердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Долбоордун алкагында аялдардын ресурстарга, көндүмдөргө жана суу кызматтарын адилеттүү бөлүштүрүүгө жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өзгөчө көңүл бурабыз. Суу чарбасын башкаруу жана ресурстарды колдонуу чөйрөсүндө бирдей мүмкүнчүлүктөр жана гендердик теңчилик практикасын киргизүүдө облустук жана райондук суу чарба башкармалыктарынын потенциалын жогорулатуу долбоордун экинчи маанилүү максаты болуп саналат.

Биздин 2026–2028-жылдарга карата негизги милдеттерибиз:

  • Фермерлерди окутуу жана колдоо: 400 жергиликтүү фермер (анын ичинен 200ү аялдар) климатка ыңгайлашкан айыл чарба ыкмалары жана агробизнес негиздери боюнча окуудан өтүшөт. Окутуу программаларынын маанилүү бөлүгү — кооперативдерди (анын ичинде аялдардыкы) өнүктүрүү, кошумча нарк чынжырчаларын түзүү жана фермерлердин каржылоого жана сатуу рынокторуна жетүүсүнө көмөктөшүү.
  • Институционалдык өнүгүү: «BT Innovations» МКА өнөктөштөрү менен биргеликте Суу ресурстары кызматына, облустук жана райондук суу чарба башкармалыктарына Гендердик теңчилик боюнча иш-аракеттер планын (GEAP) ишке ашырууда колдоо көрсөтөт. Агрочөйрөдө аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү саясаттарды жана стандарттарды иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

Алдыда бизди масштабдуу иштер күтүүдө: ушул жылдагы базалык изилдөөлөрдөн баштап, 2027-жылдагы талаа тренингдерине жана регионалдык семинарларга чейин.

Биз Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу жана инклюзивдүү өнүктүрүүгө салым кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз!
Made on
Tilda