Кыргызстандагы «Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» боюнча 6 жылдык программанын жыйынтыгын чыгарууга арналган расмий аземде биздин компания жогорку баага татыды. «БТ Инновэйшнс» микрокредиттик агенттиги Германия, Швейцария өкмөттөрү, Европа Биримдиги жана GIZ (Германия эл аралык кызматташтык коому) тарабынан расмий Ыраазычылык кат менен сыйланды.
Эл аралык өнөктөштөр бизди үзүрлүү кызматташтык, ошондой эле өлкөнүн жеке секторунда маанилүү «жашыл» демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга жана туруктуу өнүгүүгө кошкон олуттуу салымыбыз үчүн белгилешти. Жалпысынан, программанын алкагында миңдеген ата мекендик ишканалар эко-чечимдерди киргизип, CO₂ бөлүнүп чыгышын олуттуу түрдө азайтуу менен бирге өз кирешелерин көбөйтө алышты.
BT Innovations үчүн туруктуу өнүгүү принциптери — бул ишибиздин негизги пайдубалы. Биз ата мекендик бизнеске экологиялык таза технологияларды жана энергияны үнөмдөөчү чечимдерди киргизүүгө көмөктөшүп, жашыл каржылоону жигердүү илгерилетип келебиз.
Биз жасаган аракеттерибиздин мындай жогорку деңгээлде таанылышы менен сыймыктанабыз! Бул сыйлык узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүү жана Кыргызстандын жаратылышын келечек муундар үчүн сактоо багытында туура жолдо баратканыбызды дагы бир жолу тастыктайт.