Ишенимдүү өнөктөштөрүбүз — «Чистый выбор», «Агрокредит Плюс» жана «Нулевые выбросы» ЖЧКлары менен биргеликте — Кыргызстандагы жашыл экономиканы өнүктүрүү программасынын алкагында жылуулук насосун («суу-суу» системасы) орнотуу процессине катыштык.
Инновациялардын артыкчылыктары биринчи ооздон.
Биздин кардар Алмаз Конурбеков салттуу көмүр менен жылытуу жана заманбап технологиялардын ортосундагы айырманы өз тажрыйбасында баалады. Негизги артыкчылыктардын катарында ал төмөнкүлөрдү белгиледи:
ESG принциптерине берилгендик
«BT Innovations» КФ МКАсы үчүн ушундай экологиялык демилгелерди колдоо жана каржылоо маанилүү стратегиялык багыт болуп саналат. Бул биздин ESG (Environmental, Social, and Governance) принциптерин ишке ашырууга кошкон түз салымыбыз. Энергияны үнөмдөөчү технологияларды жайылтууга көмөктөшүү менен биз көмүртек изин азайтууга, айлана-чөйрөнү коргоого жана биздин аймакта жашоо сапатын пландуу жогорулатууга жигердүү катышып жатабыз.
Вместе к успеху и устойчивому будущему! Биргеликте ийгиликке жана туруктуу келечекке!
Толук маалымат сайтта: www.cleanchoice.kg

- Экологиялуулук жана тазалык: Көмүр чаңынан, көөдөн жана күнүмдүк тазалоо жумуштарынан толук арылуу.
- Автономдуулук жана ыңгайлуулук: Система дайымкы көзөмөлдү жана физикалык катышууну талап кылбайт. Температура режими (25–27°C) автоматтык түрдө кармалып турат.
- Экономикалык натыйжалуулук: Узак мөөнөттүү келечекте жылытууга кеткен чыгымдарды олуттуу кыскартуу.