Жаңылыктар

Айыл чарбасындагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана гендердик теңчиликти чыңдоо» боюнча ЕТӨБ долбоорунун консультанттары аймактарда алгачкы жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.

ЕТӨБдүн айыл чарбасындагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана гендердик теңчиликти чыңдоо долбоорун иш жүзүндө ишке ашыруунун алкагында, жер-жерлерде активдүү иштөө жана аймактык мекемелер менен өз ара аракеттенүү этабы башталды.

26-27-март күндөрү консультанттар тобу өлкөнүн түштүгүндөгү негизги долбоордук аймактарда болушту. Иш сапарынын жүрүшүндө төмөнкү өнөктөштөр менен маанилүү жолугушуулар өттү:

  • Жалал-Абад облустук суу чарба башкы башкармалыгы (ОСЧББ);
  • Ноокен райондук суу чарба башкармалыгы (РСЧБ);
  • Ош облустук суу чарба башкы башкармалыгы (ОСЧББ).

Программанын маанилүү бөлүгү Араван-Ак-Буура каналына баруу болду. Анда инфраструктураны визуалдык текшерүү жана учурдагы абалга түздөн-түз объекттин өзүндө баа берүү жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, аракеттерди координациялоо жана долбоор камтыган аймактарды кеңейтүү максатында, консультанттар Нарын облустук суу чарба башкы башкармалыгынын өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрүштү. Биргелешкен иштер гидротехникалык курулмаларды модернизациялоо жана долбоордун максаттарын ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдарды деталдуу иштеп чыгууга багытталган.
2026-04-04 09:52